Абылгазиев: Жарандардын маселелерин чечүү, экономиканы көтөрүү – ишибиздеги артыкчылыктуу багыт

Окуялар тизмеги 25 Янв 2020 15:59
0 ой-пикир

Жарандардын өтө маанилүү маселелерин чечүү жана экономиканын деңгээлин көтөрүү – кыргыз өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыт. Коюлган милдеттерди аткарууда мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери бизге зор жардам көрсөтүшөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында билдирди.

«Бүгүн республика эркин экономикалуу жана жарандык коом институттары өнүккөн демократиялык, укуктук мамлекетти куруу жолунда бара жатат. Белгиленген максаттарга жетүүнүн үстүндө мамлекеттик кызматкерлер гана иштеп жатышкан жок. Башталган процесстердеги өтө олуттуу маселелерди чечүүдө министрликтерге жана ведомстволорго кайтарымсыз жардам көрсөткөн мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүнүн ролу чоң. Бир нече жыл мурда коомдук кеңештер институту министрликтердин жана ведомстволордун ишине тоскоолдук кылат деп эсептеп, аларды түзүүгө көптөр каршы чыгышканы ар бириңиздердин эсиңиздерде болсо керек. Бүгүн таптакыр башка көрүнүштү көрүп турабыз. Коомдук кеңештер институту аркылуу жарандар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеткире албай келген көптөгөн маселелер аныкталат», — деди Абылгазиев.

Премьер-министр өз сөзүндө экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, алар жарандык коом менен биргелешкен иштердин натыйжасында жетишилгенин белгиледи.

«Эки жылдын ичинде ИДПнын көлөмүн 70 млрд сомго көбөйттүк. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 4,5% түздү. Быйыл биз 5% деңгээлге жетүү максатын койдук. Биз өз ишибизде өлкөнүн өндүрүштүк дараметин өнүктүрүүгө зор көңүл бурабыз. Акыркы мезгилде 477 жаңы ишкана ачылды. Анын 20сы ири болуп саналат. Эгерде биз бул багытты өнүктүрүү жолу менен барсак, анда Кумтөр кенинин ишинен көз каранды болбой калабыз. Ошону менен бирге, белгилей кетүүчү нерсе, учурдагы маанилүү милдет 260 млрд сомду түзгөн тышкы карызды жоюу. Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чеги 2025-жылга туура келет. Анда 400 млн АКШ долларын төлөө керек. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча биз 7,7 млрд сомду үнөмдөй алдык. Мындай жыйынтыктар тышкы карызды төлөө маселесин чечүүнү жеңилдетет», — деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, финансылык милдеттерди чечпестен, социалдык маселелерди чечүү кыйын болот.

«Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, финансылык маселелерди бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү аркылуу гана чечүүгө болот. Бүгүнкү күнү көмүскө экономиканын деңгээли кээ бир тармактар боюнча 50% түзөт. Салык процедураларын фискалдаштырууну киргизүү көмүскө экономиканын деңгээлин бир кыйла кыскартат. Мында калкка биз жүргүзүп жаткан саясатты түшүндүрүүдө коомдук кеңештердин өкүлдөрүнүн үнү маанилүү роль ойноого тийиш», — деп белгиледи ал.

Ал белгилегендей, КР өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндө социалдык маселелерди чечүү саясаты артыкчылыктуу болуп эсептелет.

«КР президенти өз Жарлыгы менен 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы катары жарыялады. Бардык багыттар боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Шаардын жана аймактардагы айылдардын айырмасы болбогудай кылышыбыз керек. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо, социалдык объекттерди куруу, өлкө боюнча интернетти киргизүү иштери жасалып жатат. Республиканын бардык булуң-бурчунда заманбап, жогорку деңгээлде окуткан мектептер, ооруканалар жана бала бакчалар болушу кажет. Биздин жарандарыбыз, айрыкча балдар өздөрүн камкордуксуз сезбеши керек. Бүгүн бала бакчанын жоктугуна байланыштуу 400 миңге жакын бала мектепке чейинки билим берүү мекемелерине бара алышпайт. Бул маселени чечүү боюнча күн сайын иштер жасалууда. Акыркы эки жылда эле 200дөн ашуун мектеп жана бала бакча курулду», — деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери мамлекеттик чечимдин кабыл алынышын талап кылган, көйгөйлүү маселелерди ачык жана түздөн-түз көрсөтө турган коомдун өкүлдөрү экендигин белгиледи.

Министрликтин жана мекемелердин жетекчилерине мамлекеттик органдардын коомдук кеңештер менен байма-бай тиешелүү жолугушууларды өткөрүү жана сунуштарын угуп, алар менен активдүү кызматташуу тапшырмасы берилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.