Кадыр Атамбаев шайлоого даярдануудабы?

Окуялар тизмеги 22 Янв 2020 08:51
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадыр Атамбаев Таласка иш сапары менен келди. Аны коштоп КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков коштоп жүрөт. Бул тууралуу өзүнүн Facebook-баракчасына Кадыр Атамбаев жазып чыкты.

«Менин эң мыкты жана бир туугандай досум Темирлан Султанбеков экөөбүз Талас облусуна барып келдик. Ал жактан “Манас Ордо” комплексине жана Айкөл Манастын күмбөзүнө баш бактык. Ошондой эле К. Медетбеков атындагы облустук музыкалык драмтеатрды көрүп, Талас облусунун жана шаарынын  көптөгөн кызыктуу жерлерине бардык», — дейт Кадыр Атамбаев.

Vesti.kg басылмасы билдиргендей, социал-демократтар Таласка иш сапары менен барышкан. Жана бул ушул жылда өтө турчу парламенттик шайлоого байланыштуу болушу ыктымал.

Вместе с моим лучшим другом и братом Темирланом Султанбековым совершили визит в Таласскую область, где посетили комплекс…

Опубликовано Кадырбек Атамбаев Понедельник, 20 января 2020 г.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.