ЖЭБтин соту: Сапар Исаков сотко катышуудан баш тартты

Окуялар тизмеги 20 Янв 2020 14:06
0 ой-пикир

Экс-премьер-министр Сапар Исаков соттордун адилеттүүлүгүнө ишенбей тургандыгына таянып, мындан аркы сот процесстерине катышпай турганын жрыялады.

Сотко анын адвокаттарынын гана катышарын белгилеп, бирок өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдеш үчүн аягына чейин күрөшөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги ЖЭБ боюнча айыпталгандардын аппеляциялык арыздары карала баштады. Ишти Бишкек шаардык соту кароодо. Баардык айыпталуучулардын жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө даттанышкан.

Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.