Курсан Асановдун жубайы Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

Окуялар тизмеги 20 Янв 2020 17:31
0 ой-пикир

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жубайы Гүлнара Үсөнканова да суракка чакырылып жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Адвокаттын айтымында, Асановдун жубайынын мурда-кийин ээлик кылган компаниялары текшерилип, эки-үч жолу Аскер прокуратурасына сурак берип чыккан. Үсөнканованын суралып жатканын жергиликтүү ЖМКлар да жазышкан.

«Курсан Асановдун туугандарын, жердештерин текшерип жатышат. Муну менен Асановго карата ачылган соттук өндүрүшкө тиешеси жок иштер да мыйзамсыз түрдө жасалып жатканын айткым келет. Ал эми жубайынын компаниялары бүт тарабынан текшерилүүдө. Анын ичинде мурда эле жабылып калган, директор болуп кеткен, ал мүчөлүк кылган ишканалар да бар. Гүлнара Үсөнканова күбө катары сурак берип жатат», — деди Айткулов.

Ошондой эле адвокат Асановго коюлган айыптар боюнча тергөө соңуна чыга электигин кошумчалады. Ал башынан эле ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен беттештирүүнү сурашканын, бирок өтүнүч аткарылбай жатканын белгиледи.

Ал эми Курсан Асановдун иши боюнча суралып жаткан Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков бүгүн 20-январда Аскер прокуратурасына сурак бергени чакырылып, андан ары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, Курсан Асанов «кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти» деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.

Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда далил болчу буюмдарды жана маанилүү документтерди тергөө органдарынан жаап-жашырган деп айыпталууда. Мындан сырткары, министрге баш ийбей, өз алдынча чечим кабыл алган, атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындаган деген күнөө коюлган. Учурда Асанов үй камагында.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.