Бүгүн, 20-январда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, Kloop.kg жана 24.kg сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча экинчи сот отуруму өтөт.
Бул туурасында Kloop.kg сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер Facebook социалдык тармагында билдирди. Анын айтымында, иштин мазмуну боюнча соттук жараян саат 14:00дө башталат.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, анын бир тууганы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов жана алардын жубайлары 9-декабрда Кыргызстандагы үч медианы сотко берген.
Тактап айтканда, Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарына жалпы өлчөмү 60 миллион сом доо койгон.
Сотто судья Жылдыз Ибраимова төрагалык кылууда.