Украина: Зеленский премьер-министрдин отставкасын кабыл албады

Окуялар тизмеги 18 Янв 2020 11:32
0 ой-пикир

Украинанын премьер-министри Алексей Гончарук отставкага кеткендигин жарыялады. Бул кадамга ал Интернетке жайылып кеткен аудио сүйлөшүүсүнөн кийин барган.

15-январда «Ютубда» Украинанын премьер-министри, каржы министри жана Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын үндөрүнө окшош адамдар Владимир Зеленскийди экономиканы түшүнбөйт деп айыпташкан.

Бул окуядан кийин Гончарук коопчулуктагы шектенүүлөргө чекит коюу үчүн отставкага кетүү чечимин кабыл алганын айткан.

Бирок президент Владимир Зеленский Алексей Гончаруктун отставкасын кабыл албай койду.

Мамлекет башчы билдиргендей, ал өкмөт жетекчиси жана өкмөт мүчөлөрүнө дагы бир мүмкүнчүлүк берип көрүүнү чечти.

Өкмөт бүгүнкү күндө кээ бир маанилүү тапшырмалар боюнча кечиктирилгис чечимдерди кабыл алышы керек жана коомчулукту тынчсыздандырган маселелерди чечиши абзел, — деп жазылат президенттин расмий сайтында.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.