Депутат Тазабек Икрамов социалдык тармактарда өзү тууралуу жазылган пикирлерди окубайт. Бул тууралуу ал “Маралга” берген маегинде билдирди.
Чынын айтсам ошол убакта деле ага эч кандай маани берген эмесмин. Жанагы “Мауглиде” бар го “Аттила чалынып калды же жылыгып калды” деп шакалдар кыйкырып жүрө берет го, ошондой эле кабыл алдым. Себеби мен уяттуу нерсе кылган жокмун да, же бир жерде мас болуп же аянтка жылаңач чыгып алсам, уялсам болот эле”, – деп жооп берди депутат.
Эскерте кетсек, Тазабек Икрамов парламенттин жалпы жыйынында айрым сөздөрдү туура айта албаганы үчүн байма-бай сынга кабылып келет.