ВИДЕО: Ширин Айматова президенттен кабыл алуусун суранды

Окуялар тизмеги 18 Янв 2020 14:31
0 ой-пикир

“Үмүт 2020” кыймылынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова президентке ачык кайрылуу жасады кыймылдын өкүлдөрүнө куугунтук болуп жатканын белгиледи.

Ал кыймылдын кандайдыр бир саясий амбициясы жок экенин, өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелөөнү гана көздөрүн билдирип, президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусун өтүндү.

— Биздин айрым мүчөлөрүбүздү камап, мүлкүбүздү рейдерлик басып алуу аракети жүрүп, бизге карата аңдуу жана чагымчылдык аракеттер жүрүп жатат. Сиз сөз эркиндигин коргоп, уурулар менен күрөшүүнү токтотпой турганыңызды айттыңыз. Бирок өлкөдө абал тескерисинче болуп жатат. Сизден өтүнөрүм, мени “Үмүт 2020” кыймылынын өкүлү катары кабыл алыңыз. Сиз менен өлкөдөгү репрессиялар жана сөз эркиндигине басым тууралуу бетме-бет сүйлөшкүм келет, — деп билдирди Ширин Айтматова.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.