Бажы кызматы дээрлик 57 млн сомдук зыяндын ордун толтурду

Окуялар тизмеги 18 Янв 2020 13:08
0 ой-пикир

2019-жылы Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан укук бузуулардын 1893 фактысы аныкталган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1893 фактынын 1668и Бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 158ге көбүрөөк. 9 000 000 сом суммада айыптык санкциялар жана товарлардын наркы өндүрүлгөн. 178 100 000 сом суммада бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Кылмыштар жана бузуулар бирдиктүү реестрине 225 – факты катталган, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 76 фактыга көбөйгөн.

Козголгон жазык иштери жана баш тарткан материалдар боюнча мамлекеттик бюджетке 56 700 000 сом зыяндын орду толтурулган. Ошондой эле бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 243 900 000 сомду түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.