Жол эрежелерин бузууга каралган айып пулдардын өлчөмү төмөндөдү

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 12:35
0 ой-пикир

Тартип бузуу жөнүндө Кодекске жана Жоруктар боюнча кодекске өзгөртүү киргизилип, бир катар жол эрежесин бузгандарга айыппул төмөндөдү жана жасалма номер таккандардын жазасы күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 16-январда кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык:

— жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар;

— жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын бузгандар (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууну кошпогондо);

— токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузгандар;

— машинелердин ортосундагы коопсуз аралыкты сактабагандар;

— жол чыракты карабай айдагандар;

— каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандар;

— тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузгандар 3000 эмес, 1000 сом айып төлөйт.

Ошону менен бирге машинесине жасалма номур тагып жүргөндөргө буга чейинкидей 10 миң сом эмес, 20 миңден 30 миңге чейин айыппул салынат.

Бул мыйзам өкмөт тарабынан сунушталып, аны Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.