ЖЭБтин соту: айыпталгандардын аппеляциялык арыздары 20-январда каралат

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 16:09
0 ой-пикир

Бишкектеги ЖЭБ боюнча айыпталгандардын аппеляциялык арыздары карала баштайт. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди. Соттук отурумдун датасы 20-январга белгиленген.

Ишти Бишкек шаардык соту карайт. Маалыматка караганда, баардык айыпталуучулардын жактоочулары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө даттанышты.

Эске салсак, жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча былтыр 6-декабрда Бишкек Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

«Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.