Улут баалуулугун чагылдырган телесериалдарды тартууга 30 млн сом бөлүндү

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 16:37
0 ой-пикир

Маданият министрлигине тематикалык телесериалдар түрүндө улуттук аудиовизуалдык продукцияларды түзүү үчүн 30 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Дарак ыры» мюзиклинин авторлору менен жолугушуу учурунда айткан.

«Киносериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча сынак 2020-жылдын январь айынын аягына чейин жарыяланат. Биз сценарийлерде идеология болуш керек деп эсептейбиз. Тасмадагы эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо, жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт», – деп белгилеген Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы мына ушул механизмди колдонуу менен атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүнү, ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүүнү шарттарын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.