Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 14:23
0 ой-пикир

Түркмөнстандын мектептеринде уюлдук телефон колдонууга тыюу салынды. Бул чектөө окуучулар менен катар мугалимдерге дагы тиешелүү.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, өлкөдөгү шаардык жана райондук орто мектептерде ата-энелер чогулушу болуп, балдар сабакка телефон көтөрүп келбеши керектиги эскертилүүдө.

— Чогулушта класс жетекчи айрым окуучулар мугалимдер менен балдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди видеого тартып, Интернетке жарыялап жатышканын билдирди. Буга байланыштуу мектепке заманбап телефондорду алып келүүгө тыюу салынганы айтылып, балдарга сүйлөшүүгө ылайыкташкан жөнөкөй телефондорду сатып берүү сунушталды, — деди чогулуштан чыккан ата-энелердин бири.

14-январда радионун Ашхабаддагы кабарчылары мектепте телефон колдонууга салынган тыюу окуучуларга гана эмес, мугалимдерге дагы тиешелүү экенин билдиришкен.

Былтыр февралда өлкөнүн Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери Ашхабаддын мектептеринде рейд өткөрүп, окуучулардын телефондору текшерилгени кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.