Премьер-министр Абылгазиев отставкага кеткен Медведев менен эмне жөнүндө сүйлөштү

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 10:30
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын мурунку өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүү учурунда Абылгазиев Дмитрий Медведевге Россия Өкмөтүнүн төрагасы кызматындагы биргелешкен үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы анын кыргыз-россия мамилелерин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле евразия интеграциясы идеясын илгерилетүү боюнча бирге жүргүзүлгөн конструктивдүү иштерге өзгөчө көңүл бурду. Ал Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев достук диалогду жана конструктивдүү иштерди улантууга даярдыкты ырастап, Дмитрий Медведевдин чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы жана топтогон тажрыйбасы мындан ары да Россия Федерациясын өнүктүрүү жана чыңдоого, ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгын келечектүү тереңдетүүгө кызмат өтөрүнө ишеним билдирди.

Сүйлөшүү учурунда кыргыз-россия алакаларынын актуалдуу маселелери да талкууланды.

Эске сала кетсек, Дмитрий Медведев жетектеген орус Өкмөтү Путиндин Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунуштарына байланыштуу отставкага кеткен.

Отставка президент тарабынан кабыл алынып, ал Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.