Инспекторлор уурдалган унааларды гаджеттер аркылуу издейт

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 15:09
0 ой-пикир

2020-жылдын башынан тарта Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) бардык стационардык постторунда инспекторлор планшеттерди колдоно баштады.

Ведомстводон билдиришкендей, анын жардамы менен жасалма номерлерди, унаанын уурдалганын же издөөдө экенин , ошондой эле айып пулду төлөбөй жүргөндөрдү аныктоого болот.

“Мисалы, айдоочунун беш же андан көп төлөнбөгөн айып пулу болсо, планшет аркылуу ал айып тууралуу билдирүү алганы же албаганын билүүгө болот. Эгер ал билдирүү колуна тийгенден кийин дагы айыпты убактысын өткөрүп төлөбөй жүргөн болсо, автоунаа айып унаа коюучу жайга токтотулат”,- деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон кошумчалашкандай, планшеттер жакында эле колдонула баштагандыктан, инспекторлор айдоочуларга айып пулду убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетирип жатат.

Коопсуз шаар долбоорунун алкагында 2020-жылдын башынан тарта Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) бардык стационардык постторунда инспекторлор планшеттерди колдоно баштады.

Ведомстводон билдиришкендей, анын жардамы менен жасалма номерлерди, унаанын уурдалганын же издөөдө экенин , ошондой эле айып пулду төлөбөй жүргөндөрдү аныктоого болот.

“Мисалы, айдоочунун беш же андан көп төлөнбөгөн айып пулу болсо, планшет аркылуу ал айып тууралуу билдирүү алганы же албаганын билүүгө болот. Эгер ал билдирүү колуна тийгенден кийин дагы айыпты убактысын өткөрүп төлөбөй жүргөн болсо, автоунаа айып унаа коюучу жайга токтотулат”,- деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон кошумчалашкандай, планшеттер жакында эле колдонула баштагандыктан, инспекторлор айдоочуларга айып пулду убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетирип жатат.

Мындан тышкары, башкармалыктан ушул тапта ишеним кат менен айдалып жүргөн 840 автоунаанын биринчи ээлери арыз менен кайрылганын айтышты. Учурда инспекторлор ошол унаалардын азыркы ээлерин издөөдө. Азыркы убакта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, башкармалыктан ушул тапта ишеним кат менен айдалып жүргөн 840 автоунаанын биринчи ээлери арыз менен кайрылганын айтышты. Учурда инспекторлор ошол унаалардын азыркы ээлерин издөөдө.

Азыркы убакта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.