Социалдык тармактарда Кыргызстанды үч облуска бөлгөн карта кеңири таркады. Бул картага ылайык, өлкө үч административдик-аймактык түзүлүштөн куралган. Тактап айтканда, «Манас», «Семетей» жана «Сейтек».
Сунушталган «Манас» облусуна Бишкек, Чуй жана Талас аймактары, ошондой эле Токтогул району кирген. Ал эми «Семетей» облусу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын бириктирүү менен түзүлгөн. Нарын менен Ысык-Көл «Сейтек» облусунун карамагында каралган .
Мындай өзгөчө картанын автору белгисиз болууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда аймактык-административдик реформа жүргүзүү маселеси эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери эле көтөрүлүп келет.
Президент Сооронбай Жээнбеков административдик-аймактык реформаны баштоо жөнүндөгү жарлыгын чыгарган. Жарлыкта реформанын алкагында айрым административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүү, аймактарды социалдык-экономикалык райондоштуруу жөнүндө айтылат.
Ѳкмөт тарабынан административдик-аймактык реформа боюнча жумушчу топ түзүлүп, аны биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов жетектеп келет. Жумушчу топ өз кезегинде жыл аягына чейин административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыгууга тийиш эле.
Аймактык-административдик реформа кечеңдеп жаткандыктан, айрым интернет колдонуучулар балким тамаша иретинде түрдүү карталарды сунуштап жатышкандыр.