Болот Темиров өзүнө кол салгандардын бирин тааныды

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 15:34
0 ой-пикир

FactCheck порталынын редактору, журналист Болот Темиров өзүнө кол салууга шектелип кармалгандардын ичинен бирөөсүн тааныды. Бул туурасында ал өзү «Азаттыкка» билдирген.

9-январда журналистке Бишкекте белгисиз адамдар кол салып, сабап кетишкен болчу. Бул иш боюнча шектелип, 14-январь күнү төрт киши кармалган.«16-январда милицияга чакырып, шектүүлөрдү көрсөтүштү. Ичинен бирөөнү тааныдым. Калган үчөөнү кол салуу учурунда көргөн жок элем, тааный албадым»,дейт Темиров.

Анын айтымында, кол салуу учурунда жоголгон телефону табыла элек. Журналист өзүнө кол салууну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштыруудан жазбай турганын кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.