Бишкек жана Ошто мамлекеттик кризистик борборлор ачылат

Окуялар тизмеги 17 Янв 2020 11:25
0 ой-пикир

Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик кризистик эки борбор ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Өкмөттүн алдындагы караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

«Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. Ал коомдук башталыштарда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн түзүлөт. Каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүндүгү менен зордук-зомбулуктун курмандыктары менен иштөө боюнча мамлекеттик социалдык буйрутма жайгаштыруу иштери улантылат. Буга чейин эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда түзүлгөн Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин мисалы өз натыйжасын көрсөттү», — деди вице-премьер-министр .

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.