2019-жылы Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы тарабынан 863 кайрылуу каралган. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
— дисциплинардык комиссиясынын чечими менен 456 кайырлуу кайтарылган;
— 167 кайрылуу боюнча дисциплинардык жоопкерчиликке тартуудан баш тарылган;
— 52 дисциплинардык жаза алынган;
— 50 арыздануу боюнча дисциплинардык жаза колдонулган;
— эскертүү – 32;
— сын-пикир – 11;
— сөгүш – 5;
— кызматынан мөөнөтүнөн мурда алуу – 2;
— кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү – 3;
— каралууда – 135 арыз.