Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Нурбек Сыдыгалиев ант берди.
Ант берүү менен ал өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Сыдыгалиев жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди.
Буга чейин Нурбек Сыдыгалиев өзгөчө кырдаал министринин орун басары кызматын ээлеп келген.