Темиров: Тергөөнүн калыстыгына ишенбейм

Окуялар тизмеги 14 Янв 2020 12:55
0 ой-пикир

FactCheck.kg маалымат порталынын башкы редактору Болот Темиров өзүнө кол салган кишилерди издөө боюнча журналисттик иликтөө жасай турганын билдирди. Ал тергөөнүн калыстыгына ишенбей турганын белгиледи.

«Биз кесиптештерибиз менен журналисттик иликтөө жасоону чечтик. Буга байланыштуу мен окуяны көргөн жергиликтүү тургундардан, ошол жерде жайгашкан жана видеокөзөмөл камералары бар ишканалардан жардам сурайм. Тергөөгө жардам бере турган видеожазуулары болсо, берүүнү сурайм. Бул кол салуу мага гана болгон жок, башка журналисттерди дагы коркутуу үчүн жасалды», — деди Болот Темиров.

Эске салсак, Бишкекте Factcheck сайтынын башкы редактору Болот Темировго 3 белгисиз жаран кол салып, ур-тепкиге алышкан. Алар журналисттин уюлдук телефонун алып качып кетишкен.

Дарыгерлердин айтымында, Болот Темировдун баш мээси чайкалып, жаракат алган.

Болот Темировго кол салуу фактысы боюнча төрт жаран кармалгандыгын Ички иштер министрлиги билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.