Разаков: Тажик тарапка жерлерди алмашуу сунушталды

Окуялар тизмеги 14 Янв 2020 08:10
0 ой-пикир

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин чечиш үчүн тажик тарапка жерлерди алмашуу сунушталганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, чек ара маселесине байланыштуу акыркы убакта эки өлкөнүн өкүлдөрү 20 жолу жолугушкан. Техникалык топтун ишинин акыркы маалыматтары боюнча, 134 ири масштабдагы топографиялык карта даярдалды, дагы 4-5ти даярдоо керек.

Жеңиш Разаков мындан аркы чек ара сызыгын чийүү боюнча иштер тажик тарап менен активдүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Айрым маселелер боюнча эки өлкөнүн позициясы бири-бирине дал келбесе, башка айрым позициялар боюнча туура келүүдө. 

«Биз бул иштерди мындан ары дагы улантышыбыз керек, анын ичинде эки элдин жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында территорияны алмашуу варианты дагы четке кагылган жок. Бизде үйлөрү шахмат тартибинде жайгашып калган айылдар бар. Булар: Көк-Таш, Таш-Тумшук, Мазиеттин жери. Кандайдыр бир чыр-чатак жаралган учурда үйлөр шахмат тартибинде жайгашып, эки өлкөнүн калкы  аралаш жашагандыктан биздин укук коргоо, күч органдарынын аракеттенүүсүнө кыйла кыйын болууда», — деди Жеңиш Разаков. 

Вице-премьердин айтымында тажик тарапка жерлерди алмашуу боюнча ар кандай варианттарды сунуштаган.

«Алар карап жатат. Азыркы учурда бир тилке боюнча «негизи биз макулбуз» деп айтышууда. Кайсы жерден, канча аймак алмашыш керек ал жөнүндө так жообун айтыша элек», — деп кошумчалады Разаков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.