Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү аяктады

Окуялар тизмеги 14 Янв 2020 14:06
0 ой-пикир

Бүгүн, 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылында кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу жеринде жүргөн «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы билдирди.

Кыргызстандын делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеп барды. Ал эми тажик тараптан Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Жеңиш Разаков «Азаттыктын» аймактагы кабарчысына биринчи айлампа киришүү бөлүгү болгонун, азырынча эч кандай маселе чечиле элек экенин айтты.

Кыргыз делегациясынын курамында башкы прокурор Өткүрбек Жашитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков бар.

Буга чейин Разаков тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу, коопсуздукту бекемдөө жана түрдүү чыр-чатактардын алдын алуу тууралуу сүйлөшүү боло турганын кабарлаган. Мындан тышкары кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ыкчамдатуу жөнүндө да маселе коюла турганын айткан.

Өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу эки өлкө президенттеринин өткөн жумадагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында өтүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.