Чек ара чыры: чагымчылдыкка шектелген төрт адам бир ай камакка алынды

Окуялар тизмеги 14 Янв 2020 15:57
0 ой-пикир

11-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын 4 тургуну 1 айга камакка алынды. Мындай чечим Кадамжай райондук соту тарабынан кечээ, 13-январда кабыл алынды, деп билдиришти Баткен милициясынан.

Эскерте кетсек, 11-январда Баткен облустук милиция кызматкерлери Көк-Таштын 4 тургунун кармаган. Милиция алардын чек арада кыргыз-тажик элдеринин ортосунда чагымчылдык кылууга шектелгенин айтууда.

Кечээ, 13-январда аларды бошотуу талабы менен Баткен облустук бийлигинин имаратынын алдында жана Бишкектин борборунда нааразычылык акциялары өткөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.