Ширин Айтматованы сот залынан кууп чыгышты

Окуялар тизмеги 13 Янв 2020 13:44
0 ой-пикир

«Үмүт 2020» кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын жолдошу ишкер Сыргак Кенжебаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды Бишкек шаардык соту карады.

Шаардык соттун чечимине ылайык, Сыргак Кенжебаевди 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырды. Мындай чечимди судья Ирина Воронцова чыгарды.

Бөгөт чарасын кароо учурунда судья Ширин Айтматованы жана Сыргактын апасын сот залынан кууп чыккан.

Буга чейин УКМК Кенжебаев алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирген.

Ширин Айтматова жолдошунун кармалышын өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, ага болгон саясий басым катары баалодоо.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.