Президенттердин Жаңы жылдык куттуктоосу. Аларда жана бизде кандай?

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 13 Янв 2020 16:25
0 ой-пикир

Алмаз Баратов — атайын Elgezit.kg үчүн.

Өлкө лидеринин элге Жаңы жылда кайрылуусу совет доорунан калган адат деп айтуу жаңылыштык. Чындыгында, дүйнө жүзү боюнча баардык эле өлкө башчылар, монархиялык өлкөлөрдө падышалар өз жарандарын Рождество майрамынын же Жаңы жылдын алдында куттукташат.

Негизинен куттуктоо сөздөр телевизор аркылуу айтылат.

 «Сүйлөйт жана көрсөтөт…»

Советтер Союзунда телевизор аркылуу элди куттуктоо салтын Леонид Ильич Брежнев баштаган. 1970-жылдын 31-декабрында ал алгачкы жолу совет элин борбордук телеберүү аркылуу куттуктаган. Бирок 1975-жылы КПССтин башкы катчысына Жаңы жылда телевизор аркылуу куттуктоо практикасынан баш тартууга туура келген. Брежнев ооруп баштаган, үнү дагы бузулган. Ошондуктан 1970-жылдын аягынан тарта телевизор аркылуу борбордук телеберүүнүн диктору Игорь Кириллов СССРдин биринчи адамдарынын атынан куттуктоо сөздөрүн окуп баштаган.

Салтты Михаил Горбачев кайрадан жандандырган. Ал бир топ жылдык тыныгуудан кийин, 1985-жылдын 31-декабрында өлкө жарандарын жеке өзү куттуктаган жана президенттик кызматтан кеткенге чейин, СССР тараганча уланткан. 1990-жылдын декабрь айында акыркы куттуктоосун айткан.

СССР кыйрагандан кийинки алгачкы жылы Жаңы жыл түнү телевизор аркылуу элди азыр маркум болгон жазуучу-сатирик Михаил Задорнов куттуктаган. Борис Ельциндин куттуктоосу эфир аркылуу эмнегедир 30-декабрда кеткен. Кийинки 8 жыл бою россиялык телеканалдар 31-декабрда Ельциндин куттуктоолорун көрсөтүштү, ал эми мурда СССРдин курамында болгон өлкөлөр өздөрүнүн лидерлеринин куттуктоолоруна көнүп башташкан.

Президенттер быйыл эмнелерди айтышты?

Президенттердин Жаңы жылдык кайрылуулары – бул формалдуулук гана эмес, бийликтин коомчулук менен болгон байланышынын түрү дагы эмес. Бул өткөн жылдагы ийгиликтерди жана алдыдагы жылга карата максаттарды, пландарды эске салуу. 2020-жылы эксперттер жана аналитиктер жаңы шайланган эки президенттин куттуктоолорун күтүштү – Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин. Экөөнүн куттуктоолору эки башка болгону менен экөө тең үмүттөрдү актаганын белгилеп кетели.

Сүрөттө: Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Жаңы жылдык куттуктоо учурунда.

Токаевдин куттуктоосундагы фон адаттагыдай эле болду – мамлекеттик желек жана кечки Астана. Формасы классикалык болду. Ал эми президент катары алгачкы куттуктоосу мазмундуу, конкреттүү болду десек болот. Ал маяна жогоруларын, “эл үнүн уга билген” мамлекеттик концепция ишке ашырыларын белгиледи. Укук коргоо жана сот системаларында олуттуу реформалар пландалганын айтты. Конституциянын 25 жылдыгы, акын жана философ Абайдын, окумуштуу Аль-Фарабинин юбилейлери, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы сыяктуу Казакстандын мамлекеттүүлүгү үчүн маанилүү күндөр ашыкча чыгымы жок белгиленери айтылды

Сүрөттө:Украинанын президенти Владимир Зеленский Жаңы жылдык куттуктоо учурунда.

Владимир Зеленскийдин куттуктоосу формасы жана мазмуну боюнча башкача болду. Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөрдөгү кесиптештеринен айырмаланып ал галстугу жок эле куттуктоо сөзүн а йтты. Ал жандуу болуп, кыймылдап кайрылуу жасаганынан улам текстти телесуфлердон окубай, өзү айтып жатканын байкоого мүмкүн болду. Анан албетте, бул жерде актердук чеберчилиги дагы роль ойноду десек болот. Ал айткан сөздөр дагы башкача болду. “Биз ар башкабыз, бирок ошол ар түрдүүлүк бизди бөлбөй, бириктириши керек, себеби биз баарыбыз — украиналыкпыз”-деди Зеленский Жаңы жылдык куттуктоосунда. Бул сөздөр логикага ылайык келет, себеби анын шайлоо алдындагы башкы чакырыгы дал ушунда эмес беле. Зеленскийдин куттуктоосу орус тилдүү YouTube каналдарына чыгып, дагы да болсо талкуулар болуп жатканы кызык болууда.

Сүрөттө: Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жаңы жылдык куттуктоо учурунда.

Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосу – анын президенттик кызматтагы үчүнчү жолку кайрылуусу. Ал формасы жана мазмуну боюнча адаттагыдай эле болду. Балаты, желек, фон катары тандалып алынган бурч. Президент өзү костюм-галстукчан, эмоциясыз. 2018-жылдагы Жээнбековдун кайрылуусундагы “коррупция менен чечкиндүү жана аеосуз күрөш” тууралуу гана сөздөр айтылган жок. Калган тексттин мазмуну бир жыл мурункудай эле.

2020-жылы кыргыз бийлиги 2019-жылдагыдай эле аймактарды өнүктүрүүнү улантып, санариптештирүүнү колго алууну пландаптыр. Буга чейин дагы санариптештирүү боюнча бир топ иштер жасалганын моюнга алуубуз кажет.

Сооронбай Жээнбеков эмнелерди айтса болмок?

Социалдык тармактарда президенттик аппараттын фантазиясы жок экени, ошондуктан экинчи жыл катары менен аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланып жатканы айтылууда.  Негизи ырааттуулук жана мурдагы иштерди улантуучулук жаман нерсе эмес. Аймактарга басым жасоо бийликтин жөнөкөй жарандарга жакындыгын, ал эми санариптештирүү жакынкы арада технологиялар ар бир кыргызстандыктын жашоосуна кирерин көрсөтүп турат. Кандай болгон күндө дагы биздин буга ишенгибиз келип турат. Бирок Сооронбай Жээнбеков Жаңы жылдык куттуктоосунда басым жасай турган бир катар маанилүү темалар бар болчу. Анын үстүнө 2020-жыл ал темалар боюнча үн катууну талап кылып жатпайбы.

Биринчиден, парламенттик шайлоо. Өлкө башчысы 31-декабрдагы кайрылуусунда алдыда боло турган шайлоо кампаниясы тууралуу эске салып койсо абдан жакшы болмок.

Экинчиден, 2020-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет жана бул өзгөчө мааниге ээ. Биринчи кезекте, стратегиялык өнөктөш болгон Россия үчүн.

Экинчи дата – өлкө үчүн өтө маанилүү болгон апрель окуяларынын 10 жылдыгы. Бул окуя тууралуу дагы эстеп коюу ашыкча болбойт болчу.

Ал эми куттуктоону Владимир Зеленский сыяктуу баарына тынчтык каалап, Украинаны сүйүү, өлкөнүн кайсы бурчунда төрөлгөнүнө карабастан украиналыктарды сүйүү экенин белгилеп бүтүрсө болмок. Болгону Украинанын ордуна Кыргызстан, украиналыктардын ордуна кыргызстандыктар деп алмаштыруу гана жетиштүү болчу. Себеби мындай сөздөр учурда кыргыз коомчулугу үчүн өтө актуалдуу болуп жаткан маалы.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.