ИИМ: Кой-Таш окуялары боюнча 14 кишиге айып тагылды

Окуялар тизмеги 11 Янв 2020 16:45
0 ой-пикир

2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча 14 кылмышка шектүү жарандарга байланыштуу тергөө иштери аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

«Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу, массалык башаламандык уюштуруу, барымтага алуу фактылары боюнча 14 кишиге шектүү катары маалымат кабар берилип, тергөө амалдарынын аяктаганы тууралуу билдирилди жана кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу иш чаралары башталды. Ал эми калган кылмышка шектүүлөр боюнча материалдар өзгөчө өндүрүшкө алынып, сотко чейинки өндүрүш уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.