Чек арадагы чыр. Кыргызстан менен Тажикстандын премьерлери телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 11 Янв 2020 08:02
0 ой-пикир

Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар 2020- жылдын 10-январына караган түнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды биргеликте кабыл алууга байланыштуу маселени талкуулашты. 

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода чек арадагы коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн, кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалды курчутпоонун, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары сүйлөшүүдө чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн негизде жүргүзүү менен эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.