Тажикстан чек арадагы чыр боюнча расмий билдирүү таратты

Окуялар тизмеги 10 Янв 2020 14:11
0 ой-пикир

Тажикстандын Улуттук Коопсуздук комитетине караштуу Чек ара аскерлери  9-январдан 10-январга оогон түнү кыргыз-тажик чек арасында орун алган жаңжал боюнча билдирүү таратты.

Тажик тарап жаңжалдын чыгышына жоопкерчиликти Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундарына жүктөгөн.

Тажик тараптын маалыматы боюнча, 9-январь кечинде Көк-Таштын тургундары Султанбек Абдуллаев деген тургундун үйүнүн жанына чогулуп, тажик жарандарын жолдон өтүшүнө жолтоо кылышкан.

Кечки саат 21.30дар чамасында кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн Кожоало айылынын тургуну Зафар Азамовдун автоунаасына таш менен ургулап, терезесин сындырган.

Коңшу өлкөнүн тургундары мындан соң гана кыргызстандыктардын автоунаасына таш ыргытканы, ал эми 10-январга караган түнү эки жолу кыргызстандыктар мергенчилик мылтыгынан ок аткан деп айтылат Тажикстандын расмий органынын маалыматында.

Ошондой эле атылган октордун бири тажикстандык милиция кызматкерине тийгенин, андан эч ким жабыркабагын да маалымдалган.

Тажикстан акыркы учурда кыргыз жарандары тарабынан ок атылган учурлар көбөйгөнүн белгилеп, акыркы жолу 2019-жылдын 29-декабрында бир тажик жаранынын өмүрүнө коркунуч туулганын эске салган.

Буга байланыштуу коңшу өлкөнүн атайын органы жаңжал үчүн жоопкерчиликти кыргыз тарапка жүктөгөн.

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады.

Ага ылайык, өткөн түнү алгач Баткен районун Орто-Бөз айылына жакын Жака-Өрүк аймагындагы кыргыз жаранынын автоунаасына, кийинчерээк Достук айылынын тургунун автоунаасына тажик тараптан таш ыргытылып, терезелери талкаланган.

Кийинчерээк Көк-Таш айылынын Дахма тилкесине карата коңшу өлкөдөн ок атылган. Андан жараат алгандар жок.

Милиция жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында аларды Көк-Таш айылындагы мектепке жайгаштырган.

Учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу экени кабарланды. Кыргызстандын аймактагы күч органдары күчөтүлгөн режимди иш алпарууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.