Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркын курууга капсула салынды

Окуялар тизмеги 10 Янв 2020 17:21
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын түштүк жагында Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат. Бул боюнча макулдашуу 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында, 2019-жылы Баку шаарында болуп өткөн Түрк саммитинин алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркын курууга капсула салуу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысы маалымдагандай, парк Илхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылат.

Аталган сейил бак Бишкек шаарынын түштүк тарабында курулат. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы 5,5 га аянтты ээлейт. Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары ж. б. орнотулат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.