Кыргыз өкмөтү Казакстанды ЕАЭБдеги милдеттенмелерди так аткарууга чакырды

Окуялар тизмеги 10 Янв 2020 15:30
0 ой-пикир

Кыргыз-казак чек арасында «Ак-Тилек» өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын кезегинен улам кыргыз өкмөтү тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда өкмөт казак тараптын чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизүүсү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) нормаларына каршы келерин эскерткен.

«Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык 8-кеңешинде жүк ташуучулардын кызыкчылыгында Казакстандын аймагы аркылуу товарларды тоскоолдуксуз ташуу үчүн навигациялык пломбаларды киргизүү жолу менен жүктөрдү текшерүүнү камсыздоо механизмин иштеп чыгууга макулдашкан. Бирок товарларды көзөмөлдөөнүн бул эки тараптуу чаралары тараптар аны колдонуу механизмдерин так сактаган мезгилде гана мааниге ээ», — деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөт казак тараптын бир тараптуу кабыл алган чечиминен улам «Ак-Тилек автожол» өткөрүү пунктунун жанында оор жүк ташуучу автомобилдер топтолуп жатканын билдирген.

Бул жагдайдан улам өкмөтү тынчсыздануусун билдирип, Казакстанды интеграциялык бирликтин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга чакырган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түзүлгөн жагдайга байланыштуу тиешелүү органдарды маселени чечүү үчүн коңшу өлкө менен сүйлөшүүнү күчөтүү жана Чек ара кызматына кырдаалдан улам кесепетти азайтуу тапшырмасын берди.

Акыркы күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетине жакын Бишкек-Торугарт жолун бойлой жүк ташуучу автоунаалардын кезеги пайда болду.

Акыркы маалымат боюнча аталган жерде жүзгө жакын автоунаа топтолгон. Айдоочулар буга казак тараптын эл керектөөчү товарларды жүктөп, транзит менен бараткан машинелерге электрондук пломба басуу тартиби себеп болгонун айтышууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.