Кумтөрдө бир жарым айдан бери жер көчкүдөн соң дайынсыз болгон ишкананын эки кызматкерин издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-январда «Кумтөрдүн» өкүлдөрү жоголгон жумушчулардын туугандары менен кеңешип, издөөнү токтотуу боюнча чечим кабыл алышкан.
“Болжолдогон жерлердин баарын казып карадык, жыйынтык болгон жок. Жер көчкү алдында калган төрт техника, тетиктери табылды. Бирок жумушчулардын сөөгү табылбай жатат. Акыркы он күндө издөөгө туугандары да аралышып, бардыгы көрсөтүлүп жаткан. 9-январда туугандары менен кеңешип, издөөнү токтотолу деп чечтик. Муфтияттан сурасак, жаназасын окуса болот экен. Ал эми компания жоголгон жумушчулардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтөт” — деп айтылат.
Эске сала кетсек, Кумтөр кениндеги кырсык 1-декабрь күнү таңга маал катталган. Лысый өрөөнүндөгү жер катмары көчүп түшкөн. Көчкөн жер катмарынын узуну 450 метр, туурасы — 570 метр жана бийиктиги — 50 метр, ал эми жалпы көлөмү — 12 млн. 825 миң куб метр.
Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушевду таппай калышкан.
Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган болчу.