АКШнын элчилиги журналист Болот Темировго болгон кол салууну айыптады

Окуялар тизмеги 10 Янв 2020 16:28
0 ой-пикир

Америка Кошмо Штаттарынын Бишкектеги элчилиги «FactCheck.kg» сайтынын баш редактору Болот Темировго болгон кол салууну айыптады. Бул тууралуу аталган элчилик тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда элчилик кол салууну сынга алып жана тез иликтөөгө чакырган президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратына үндөш пикирде экенин билдирген.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары журналисттер коркутуп-үркүтүүгө кабылбай иш алып барган учурда гана эркин болууга мүмкүндүк алышат. Окуянын так иликтенип жана кол салууга күнөөлүүлөрдүн кечиктирилбестен жоопко тартылышы, Кыргыз Республикасынын өз демократиялык баалуулуктарын жана эркин жана ачык прессаны коргоо салтын улантуусунда чоң мааниге ээ”, — деп айтылган билдирүүдө.

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго 9-январда Бишкекте адамдар кол салып, сабак кетишкен. Темиров муну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Кылмышка шектүүлөр кармала элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.