Темировдун сабалышы — журналисттерге болгон коркутуу актысы — «Медиа Полиси» институту

Окуялар тизмеги 09 Янв 2020 17:49
0 ой-пикир

Кыргызстандагы бир нече медиа уюм жана журналисттер «FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго кол салууну айыптап билдирүү таратышты.

«Медиа Полиси» институтунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө «Темировдун сабалышы — журналисттик иликтөө менен алектенгендерди коркутуу актысы» экени айтылган.

«Биз Болот Темировго кол салууну коомчулуктун маалымат алуу укугун чектөө деп эсептейбиз. Биз жогорку кызматты ээлеген адамдарды мындай коркутуу аракетин эл алдында айыптап, дагы кайталанбашы үчүн өз көз карашын билдирүүгө чакырабыз», деп айтылат билдирүүдө.

Мындай чакырыкка «Медиа полиси» институту, «Журналисттер» бирикмеси баштаган бир нече уюм жана өлкөдөгү ондогон журналисттер кол койгон.

Кыргызстанда коррупциялык жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго бүгүн түшкө маал басылманын кеңсесинин жанынан олбурлуу үч жигит кол салган.

Алар журналистке бир нече жолу сокку уруп, телефонун тартып алышкан. Темиров кол салууну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева журналистке кол салууга өкүнүчүн билдирип, бул кылмыш ишинин бети ачылышы керек экенин айтты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.