ИИМ: Болот Темировду сабагандар изделүүдө

Окуялар тизмеги 09 Янв 2020 15:02
0 ой-пикир

“FactCheck” порталынын башкы редактору Болот Темировду сабап кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-январда болжол менен саат 12:45те Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде Болот Темировго кол салуу болгондугу тууралуу “102” кызматына билдирүү түшкөн. Белгисиз адамдар “FactCheck” порталынын башкы редакторун сабап, уюлдук телефонун алып, качып кетишкен.

Азыркы учурда Бишкек шаардык милициясы тарабынан ыкчам иликтөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“»Factcheck» порталынын башкы редактору Болот Темировго карата жасалган кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө жана тиешелүү кызматтарга кылмыштын бетин ачуу багытында тапшырмалар берилди», — деп кошумчалашты ИИМден.

Эске сала кетсек, бүгүн түшкө маал “FactCheck” порталынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.