«Батырак айыгып, калемин колуна алышына тилектешмин!» — Матраимов сабалган журналист туралуу

Окуялар тизмеги 09 Янв 2020 19:44
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салуу боюнча комментарий берди.

«Болот Темиров деген журналистке кол салуу болгонун окудум. Аны 3 жигит акмалап жүрүп, сабап кетишкени айтылууда. Бул азырынча анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу же башка себептер менен болгонбу ачыктала элек. Эгер, журналисттин сабалышы — анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт.

Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы — мыйзамга каршы келген аракет. Тийешелүү органдар ыкчам иштеп, болгон мүмкүнчүлүктөр менен шектүүлөрдү таап, жазасын бериши зарыл.

Журналист жигитке ден соолук каалайм. Батырак айыгып, калемин колуна алышына тилектешмин!» — деп жазган Фейсбуктагы баракчасына Искендер Матраимов.

Эске салсак,  Матраимовдордун туугандары боюнча иликтөө чыгарган Factcheck.kg сайтына хакердик чабуул жасалган. Андан көп өтпөй эле Болот Темиров телефон аркылуу белгисиз бирөөлөр өзүн коркутуу аракетин көргөнүн социалдык тармактар аркылуу билдирген.

Райымбек Матраимов — депутат Матраимовдун бир тууган иниси. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.