Башкы прокуратура: Бекешев мыйзамды бузуп, банктагы каражатын көрсөткөн эмес

Окуялар тизмеги 08 Янв 2020 19:03
0 ой-пикир

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин билдирүүлөрү боюнча комментарий берди. Мекеме тараткан маалыматта депутат банктагы каражатын декларацияда көрсөтпөй, мыйзам бузганы айтылат.

«Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта эллегендер адамдардын кирешеси, чыгышасы, милдеттери жана мүлкү жөнүндө» мыйзамды бузган. Ал банктагы каражатын көрсөткөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле прокуратура Мамлекеттик салык кызматынан декларациясы туура эмес толтурулган 70 депутат боюнча корутунду келип түшкөнүн билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Башкы прокуратура анын мүлкү боюнча декларациянын негизинде текшерүү баштаганын билдирген. Ал декларацияны салык кызматкерлери туура эмес толтуруп койгонун жана аларды жоопко тартуу зарыл экенин айткан эле.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.