Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев проваслав христиандарды Рождество майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчынын куттуктоосу төмөндөгүдөй:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан бардык проваслав христиандарды маанилүү күн — Рождество майрамы менен куттуктайм!
Бул жакшы ойлорду ойлоого жана ак ниеттүү болууга, үй-бүлөлүк баалуулуктарды, коомдогу өз ара түшүнүшүү менен сый жана ынтымакты бекемдөөгө чакырган майрам.
Рождество майрамы ар бириңиздердин боорукерликке жана адилеттүүлүккө болгон ишенимиңиздерди бекемдеп, жаркын үмүттөрүңүздөрдү жана жаратмандык максаттарыңыздарды ишке ашырууга күч берсин.
Мына ушул маанилүү майрамдардын бири болгон Рождестводо бардык мекендештерге бекем ден соолук, тынчтык, бакубатчылык, жакшылыктарды жана жетишкендиктерди каалайм».