2019-жылдагы соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча Өкмөттүн ишинин жыйынтыгы

Окуялар тизмеги 05 Янв 2020 15:07
0 ой-пикир

2019-жылдагы соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча Өкмөт жасаган ишинин жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка караганда, реформа аркылуу киргизилип жаткан жаңы институттар жана бир катар эскилеринен баш тартуу өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын ишин толук кайра түздү. Ошондой эле жазык сот өндүрүшү тутумун кыйла өзгөртүп, аны гумандаштыруу багытына бурду.

Жазык мыйзамынын өзгөчө институттарынын бири бул 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму экендиги айтылган.

Бирдиктүү реестрди киргизүү кылмыштарды жаап-жашырууну жоюп, өлкө боюнча жасалган кылмыштардын жана жоруктардын, алар боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жалпы сүрөттөмөсүн түзгөн. 

Бул система аркылуу бардык жазык сот өндүрүшүн санариптештирүү жүрүүдө. Жакынкы жылдары электрондук кылмыш ишине жана жоруктар жөнүндө ишке жетишүү менен КЖБР тутумун мындан ары да жакшыртуу пландалууда. 

Соттук-укуктук реформанын жаңылыктарынын бири Бузуулар кодексин ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан «Бузуулардын бирдиктүү реестри» маалыматтык системасы болуп саналат. 

«Бузуулардын бирдиктүү реестри» системасы бузуулар жөнүндө иштерди кароонун бардык баскычтарында, бузуу тууралуу протокол түзүүдөн баштап салынган айыппулду төлөөгө чейин ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.

Система «Коопсуз шаар» модулу менен интеграцияланган, мында «Бузуулардын бирдиктүү реестри» системасында автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттардын жардамы менен катталган жол кыймылынын эрежелерин бузуулар чагылдырылат.

Жазык мыйзамдарын гумандаштырууну эске алуу менен жаңы социалдык-укуктук институт – пробация иштей баштаган. 

Соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө киргенден тарта Өкмөт тарабынан улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана мыйзамдарга ылайыкташтыруу боюнча иштер жасалган. 

33 мыйзам долбоор жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн. 40тан ашык мыйзам долбоорду 2020-жылдын башында парламенттин кароосуна киргизүү пландалган. 

Белгилей кетсек, учурда жогоруда айтылган институттарды өнүктүрүү жагы камтылган  2020-жылга карата соттук-укуктук реформаны мындан ары да   жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелүүдө. Мындан тышкары кийинки жылы жазык мыйзамдарын стратегиялык өнүктүрүү боюнча иш кагаздардын долбоорун иштеп чыгуу маселесин демилгелөө пландалгандыгы айтылган. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.