Өткөн жылы өлкөгө 28 миңден ашык автоунаа кирген

Окуялар тизмеги, Өлкө 03 Янв 2020 10:57
0 ой-пикир

2019-жылы Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн 28 миңден ашуун автоунаа ташылып келинди. Бул жөнүндө Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, машинелердин саны акыркы үч айда бажы төлөмү көтөрүлөрдүн алдында көп алып келинген.

Ошондой эле Военно-Антоновка айылында жана Аламедин станциясындагы автотранспортту бажылык тариздөө жайлары 24 саат иштеп, банктар бажы төлөмдөрүн саат 21:00гө чейин алышканы айтылат.

Андан тышкары автоунаасын Кыргызстанга киргизүүгө жетишпей калгандардын ичинен 129 адам автоунаасы өлкөгө кире электе эле декларация толтурушкандыгы маалыматта белгиленет.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-январынан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы көбөйдү.

Мамлекеттик бажы кызматынын тараткан маалыматына ылайык, автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйгөн. Мисалы, 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү мурда 1250 доллар болсо, 1-январдан баштап ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыкты.

2019-жылдын 19-ноябрында Москва шаарында өтүүчү Евразиялык Экономикалык Комиссиянын жыйынында Кыргызстан үчүнчү өлкөдөн ташылып келе турган унаалардын жеңилдетилген бажы төлөмүн дагы 3,5 жылга узартуу маселесин көтөргөн. Бирок сунуш колдоо тапкан эмес.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.