Журналист Оштун мэрин катуу сынга алды

Окуялар тизмеги 02 Янв 2020 19:17
0 ой-пикир

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков Фейсбуктагы баракчасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев тууралуу жазып чыкты.

«Мэр катасын оңдош керек!

Жаңы жыл алдында ушундай маанайда эч нерсе айтпайын деп кармандым. Майрам өттү. Эми ток этерин айтайын: Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Кылыч Саркарбаевди майрам алдында “Жылдын мыкты жаш жетекчиси” деген наам менен сыйлады. Эми ошол “мыкты жетекчи” деген Саркарбаевдин бейнесин бир карап көрөлү.

2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарынын чыгыш тарабындагы Фуркат айылынын четинде, таңга маал, Ош шаарынын спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев өзүнүн өкүл баласы Төлөгөн Рахманберди уулу менен мушташканы, ал мушташ ок атуу менен аяктаганы шаарга желдей тараган. Т.Рахманберди уулунун жоон санына ок тийип, кансырап ооруканага түшкөнү кабарланган.

Дароо эле Рахманберди уулунун аласы тешилген ыштанынын сүрөттөрү интернетке тараган. Мына ушул маалыматты “махаллада дүү-дүү гап” кылып, окуя болгон жерге дароо барган милиция кызматкерлери өздөрү таратышкан. Анан эле баягы “Оштуктардын” ооруусу кармап, баары жымжырт болуп калган. Кылыч Саркарбаев ошол күнү ишке чыкмак. Ал күнү ишке чыккан жок. Телефону өчүк. Анан журналисттер барып, “Саркарбаев Көчмөндөр оюнунан качан кайтмак?” деген суроону бере баштаганда кайдан-жайдан “Ал Бишкекте командировкада жүрөт” деген жооп пайда болду. Бирок журналисттер Саркарбаевди Бишкектеги иш-чарадан да табалбай коюшкан. Адатта ар бир баскан кадамын сүрөт, видеого тартып, соц тармактарга жарыялап турчу Саркарбаев ал жолу ошол күмөндүү “иш чарадан” сүрөт жарыялаган жок. Баса, ал иш-чара бүтсө да Саркарбаевдин дайыны чыкпай туруп алган.

Ошол күндөрү К. Саркарбаев өзүнүн өкүл баласы Т.Рахманберди уулунан кыйла таяк жегени, азыр бети-башы көк-ала болуп жатканы тууралуу сөздөрдү ошол эле органдын кызматкерлери кагазга тиркебей, мончолордо, ашканаларда оозеки сөз кылып атышты.

Ал арада ооруканада жатып өзүнө келген Т. Рахманберди уулу “Мен өзүмдү өзүм атып алдым” деп маек берди. Ал: “21-сентябрда мага тааныш балдар келишкен. Биз унаада отурган болчубуз, алардын бири — Бекболот деген жигит тапанча таап алганын айтып, мени аны текшерип беришимди суранды. Мен укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкеримин. Куралды колума алып, ал октолгон экенин байкабай калыптырмын. Кокустан өзүмө карай ок чыгарып алдым. Алар мени ооруканага жеткиришип, өздөрү үйлөрүнө кетишти. Кылыч экөөбүз жакшы мамиледибиз, бир туугандардай. Мындай ушактарды ким таратып жатканын мен билбейм”. –деп, төшөктө жатып маек берди. Милициянын мурунку кызматкери тапанчаны кантип кармашты билбегенин ачык айтты. Т.Рахманберди уулу ал сөзү менен бүт милициянын бетине көө сүрттү. Элдер тапанча кармаганды билбеген адамдар деле милицияда иштеп кете берет турбайбы деген тыянакка келишти.

Ал арада Кылыч Саркарбаев менен Оштун крим аталыгы деп таанылган Кадыр (Женго) Досонов менен Кылыч Саркарбаевдин Оштогу №5 түрмөдө жанаша басып, сүйлөшүп баратканы тартылган видеосу тарады. Ал видео УКМканын Ош облустук башкармалыгынын имаратынын жогорку кабаттарынын биринен тартылганы видеонун ракурсунан билинип турат.

Эми жанагы жабырланган Т.Рахмандерди уулу айтып жаткан Бекболотко келели. Бекболот Абдылда уулу К.Саркарбаевдин колунда машыгат. Б.Абдылда уулу эрежесиз мушташта жеңгенде “мен машыктырганмын” деп, Саркарбаев мактанып, видео, сүрөттөрүн соцтармактарга жарыялап жүргөн. Мына ошол Ош шаарынын спорт комитетинин төрагасы Саркарбаев машыктырган Бекболот Абдылда уулу Оштогу крим авторитет Кадыр (Женго) Досоновдун тобундагы Руслан аттуу жигит менен бирге буга чейин эки оор кылмышка айыпталышкан эле. Ош шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков ошондо Саркарбаевдин окуучусу “Бекболот Абдылда уулу зордуктоо жана адамдын денесине оор залал келтирүү беренеси боюнча айыпталып кармалды” деп маалымат тараткан эле.

Тагырагы, 2019-жылдын 19-июнунда мурда Ош шаардык прокуратурада тергөөчү болуп иштеген Канжар Кадыралиевдин саунасындагы кыздардын бирин зордуктап, эки кароолду сабап, биринин жаагын сындыра чаап кетишкени үчүн кармалышкан. Баса, ал окуя видеого түшүп калып, кыйлаган чейин интернетте илинип турган. Анан ал өзүнө тагылган айыптардан дароо эле кутулуп, соттон бошонуп чыгып, кайра эле Саркарбаевди жандап жүрөт. Ошол 22-сентябрдын таңдагы окуянын үч каарманы ойлоп тапкан версияга ишенгенде деле Бекболот Абдылда уулу жөн жүрбөй “тапанча таап алдым эле” деп, дагы бир өзүнө окшош чоң муштум Т.Рахманберди уулун таңга маал талаага чакырганы кызык. Азыр “Жылдын мыкты жаш жетекчиси” деп аткан К.Саркарбаев да “Тапанча таап алсаң милицияга кабарла” дегендин ордуна өзү кошо жетип барганы андан кызык. Кечээ эле эки оор кылмышка айыпталган, Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Кадыр (Женго) Досоновдун тобундагы балдар менен кошо жүргөн, аларга кошулуп кылмыш кылган окуучусунан кол үзбөгөнү да кызык.

Кыскасы Бекболот Абдылда уулу кароолду сабаганы үчүн да, кызды зордуктаганы үчүн да эч кандай жаза алган эмес. Анын криминал менен байланышына да баа берилген эмес. Ал ары турсун, Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык мекемени башкарып отурган Саркарбаевдин криминалды өстүргөнүнө да эч кандай баа берилген жок. Тескерисинче тигинтип мыкты жетекчи деп мэр сылык берип, жанашып сүрөткө түшүп отурат. Ага чейин шаар мэри “мен криминалды жоготом” -деп жыйын куруп, элди кыйла сүйүнткөн эле, үмүттөндүргөн эле.
Бу сөз болуп аткан үчөө тең ошол эрежесиз мушташтын чеберлери.

Мына ушул окуялардан кийин Ош шаардык мэриясы “окуяны териштирип, жыйынтыгына жараша Саркарбаевдин аракетине баа беребиз” -деген маалымат тараткан. Бирок Ош шаардык мэриясынын кызматтык иликтөөсү үч айдан бери аягына чыкпай койду. Бул деген К.Саркарбаевдин ишине али чекит коюла элек дегенди билдирет.

Саркарбаевди кызматынан биротоло эмес, жок дегенде убактылуу четтетип турганга да Ош мэриясынын эрки жетпей койду. Тескерисинче Ош шаарынын мэри ага сыйлык берип, шаардык кеңештин төрагасы экөө эки жагында күйөө жолдоштой жанаша туруп сүрөткө түшүп, элге жарыялап отурат.

Эми сыйлыкка келели. Ар кандай сыйлыктын сыймыгы бар. А Саркарбаевдин тумшук сындыргыч окуучусунан башка эмне сыймыгы бар? Ушунча кылмыштуу иштер менен байланышы бар адам кантип жетекчи кызматта отурат? Мени ушул суроо түйшөлтөт. Эгерде Ош шаарынын мэри К.Сарсарбаевди ошончолук жакшы көрсө ошол сары темирди Саркарбаевдин үйүнө тонналап алып барып берсин. Бирок мэр Саркарбаевти иштен айдай албаса да эл алдында сыйлагандан уялыш керек.

Негизи Ошто спорттун эрежесиз мушташтан башка кайсы түрү гүлдөп кетти эле? Ош шаарында канча үйдүн короосунда спорт аянтча бар? Ош шаарынын жаштары үчүн бир жылда канча спорттук иш-чара өткөрүлүп жатат? Спортко кыздардын тартылуусу кандай деңгээлде. Спорттун олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү жагы кантип атат. Баса Оштон ушул күнгө чейин дүйнөлүк олимпиадага катышкан бир спортчу чыктыбы? Оштогу Сүйүнбаев атындагы стадиондун жанына Бакиев учурунда курулган жаңы имарат эмне үчүн дагы деле ишке берилбей турат? Же Кыргызстан байып, кереги жок болсо деле имарат кура бере турган даражага жетип калдыбы?

Былчылдашып мушташкан коммерциялык “эрежесиз мушташты” спорт деп, элдин көзүнө чаң чачканга жол берилбеши керек.

Мэриядан Азамат Абсаттаров: “Номинацияны мэр тандаган жок. Интернет колдонуучулар тандап, комиссия женуучу деп тааптыр. Кылычты сот куноолуу деп тапса бермек эмес. Мэрия тараптан бир да адам сунушталган жок” -деп жооп жазыптыр. Эмне, мэр эгер кааласа сот күнөөлүү деп тапкан адамга да сыйлык берип коюшу мүмкүн беле?

Сурамжылоону мэрия уюштурган жок деп атышат. А бирок мэриянын алдындагы жаштар комитети уюштуруп атпайбы? Жаштар комитети айлыкты Ош шаарынын казынасынан алат го. Эгерде мэр коомдук пикирди дайыма эске алса, коомдук пикир менен эсептешсе, анда эртең “Саркарбаев спорт комитетин башкарсынбы же жокпу?” деп сурамжылоо өткөрсүн. Анан ошол сурамжылоонун жыйынтыгын аткарсын. Коомдук пикир дей турган болсок, анда чындап коомдук пикирге өтөлү. Негизи Саркарбаевди иштен айдабай туруп, анын аракеттериндеги кылмыштын элементтерине көз жумуп отура берсек, ал азамат ара күндө соцтармактарда өзүн пиярлай берсе коом адашат да. Аны дурус эле жетекчи экен деп билет. Же жетекчиге боло берет экен деп кабыл ала бааштайт. Ошого кетип жатпайбызбы?

Мэрдин бул сыйлыгы жаштарга “Мындан ары атканды, анан да чапканды үйрөнгүлө” деген чакырык эмеспи? Ушунча болду, биротоло кечээ Ошто ӨКМдин бөлүм башчысын башка атып кеткенди таап келип, ага да бирдеменин мыктысы деген наам берип койгула. Саркарбаевден анын эмнеси кем?

Эми мэр тууралуу: Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев кыймылдап атат. Чарбачылдыгын көрсөтүп жатат. Мыйзамсыз тосулган жерлерди ачып атат, Токтогул паркынын бир бөлүгүн толук оңдоп бүтүрдү. Аз болсо да тротуарлар ачылып, курулуп жатат. Анысы жаман эмес. Бирок мэр мойнуна жүктөлгөн милдетин гана аткарып жатат. Аткарышы керек болгон ишти аткарып атат.

Ошол жолду кур, тротуарды кур, тешилген турбаларды жаңыла, тосулган, уурдалган тротуарларды элге кайтар, шаарды жашылдандыр деп, эл ага айлык төлөп берип атат. Чарчабай иштесин деп, асытына машине, машинесине май куюп, аны айдаганга шопур жалдап берип атат. Мэриянын бүт аппаратын мыйзам менен мэрге баш ийдирип берген. Бир нече муниципалдык ишкананы мэрге көзкаранды кылып берген. Ал иштебей жата бергенге кандай акысы бар? Иштегенин элге милдет кылганга кандай акысы бар?

Ошондуктан өз милдетин аткарып аткан кишини арстан, жолборс деп ашыкча мактап, эртең М.Мырзакматовго окшотуп үйлөп, көптүрүп отуруп, акырында Түркияга качырып жибергенден көрө катасын утуру бетине айтып, түздөп турган жакшыраак эмеспи.
Негизи ар кандай жетекчини кыргыздын мактоосунан, кыргыздын кошоматынан сактасын. Мэр бул жолку катасын оңдош керек»,
— деп жазган Ыдырыс Исаков.

Эске сала кетсек, Кылыч Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келет. «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамын ага Оштун мэри Таалайбек Сарыбашев жаңы жылдык кечеде тапшырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.