Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерин Жаңы жыл менен куттуктады

Окуялар тизмеги 01 Янв 2020 15:33
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерин Жаңы жыл менен куттуктады, — деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан бардыгыңыздарды кирип келген жаңы 2020-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Өтүп кеткен 2019-жыл кыйла мазмундуу жана үзүрлүү болду. Артта калган 365 күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономиканы өстүрүүгө, инвестиция тартууга, бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга жана жарандардын бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган бир катар чаралар көрүлдү. Ошону менен бирге биз келе жаткан жылда социалдык маселелерди чечүү, пенсиялардын, социалдык жөлөкпулдардын жана айлык акылардын өлчөмүн пландуу түрдө көбөйтүү менен ата мекендик экономиканы өстүрүү максатында дагы көп иштерди жасашыбыз керек. Биз биримдикте бардык кыйынчылыктарды жеңебиз деп ишенем.

Жаңы жыл — бул керемет жана сыйкырдуу майрам, мында ар бир адам жакшылыкка жана жаркын нерселерге үмүт кылып, бардык аруу тилектердин ишке ашуусуна ишенет!

Мына ушул жагымдуу майрам күнү бардыгыңыздарга бекем ден соолук, ачык асман, үй-бүлөдөгү бакубатчылык, жетишкендик жана ийгиликтерди каалайм. Ар бир үйдө ынтымак, сүйүү жана жакшылыктар болсун. Биз биргеликте ар бир жараны мекенинин гүлдөп-өсүүсү үчүн салым кошуу менен инсан катары калыптана алган,экономикасы өнүккөн, укуктук жана демократиялык мамлекетти түзө алабыз!

Майрамыныздар менен кымбаттуу мекендештерим! Жаңы жылыңыздар менен! 2020-жыл ар бириңиздер үчүн ийгиликтүү болсун!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.