Талибандар Тажикстандын чек арасындагы аймакка куралдуу кол салды

Окуялар тизмеги 29 Дек 2019 16:40
0 ой-пикир

«Талибан» радикалдык тобунун мүчөлөрү тажик-афган чек арасында жайгашкан Тахар провинциясына кол салды. Бул туурасында Sputnik Тажикстан сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, талибандар өлкөнүн түндүк-чыгышындагы кошуундун базасына 29-декабрда эртең менен кирип келишкен. Анын кесепетинен элдик кошуундун 17 жоокери каза таап, сегиз киши жабыркаган.

Белгилей кетсек, Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын кагылышуусу жүрүп келет. Аталган топ мурда аймактардагы маанилүү жерлерди ээлеп, ири шаарларга чабуул коюп турган.

Өлкө аймагында «Ислам мамлекети» террордук тобунун таасири күч. Афганистандын улуттук коргоо жана коопсуздук күчтөрү куралчан топко каршы биргелешкен операцияларды жүргүзүп келет.

Булак: sputnik.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.