27-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту КСДПнын жетекчилигинин бөгөт чарасын карады. Чечимге ылайык, Социал-демократтар партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу, депутат Асел Кодуранова, партия төрагасынын орун басарлары, депутат Ирина Карамушкина менен Кундуз Жолдубаева үй камагында калтырды.
Ал эми экс-депутат Мээрбек Мискенбаевди сот камакка алды. Алардын адвокаты Замир Жоошев бул төрт адамга Кой-Таш окуяларында «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «калайман башаламандык уюштуруу», «барымтага алуу» боюнча айып тагылганын билдирди.