Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушту

Окуялар тизмеги 27 Дек 2019 17:02
0 ой-пикир

Бүгүн, 27-декабрда Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары, жабыркагандар жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкөдөгү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык абал боюнча өз-ара пикир алышуу болду.

«Апрелчилер» коррупцияга каршы күрөш, өлкөнү санариптештирүү, ошондой эле системдик өзгөрүүлөр боюнча президенттик багыттарды колдоорун билдиришти.Ошол эле учурда кээ бир жергиликтүү бийлик органдарынын ашыкча бюрократиялашып кеткендигин айтышты.

Президент өлкөнүн тарыхында Апрель революциясынын идеяларын бекемдөө жана толук ишке ашыруу керектигин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына даярдануу жана аны өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу комитети тарабынан тийиштүү деңгээлде иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Жаркын Элес», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель Баатырлар Биримдиги», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» элдик кошуундар кыймылынын өкүлдөрү катышышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.