Жээнбеков балдарды Жаңы жыл менен куттуктады

Окуялар тизмеги, Өлкө 26 Дек 2019 16:32
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-декабрда, балдар үчүн уюштурулган жаңы жылдык иш-чарага катышты.

«Ата-бабаларыбыз бизге көп улуттуу ынтымак элибизди, ажайып кооз, татынакай жерибизди мураска калтырып кетти. Биз өлкөбүздү өнүктүрүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Убакыт абдан тез өтөт. Аз эле мезгилден кийин өлкөбүздүн жүгүн силер көтөрөсүңөр, мекенибиздин тагдыры силердин колуңарда болот. Ошол бийик максаттарга даяр болгула. Силерге биз абдан чоң үмүт артабыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана балдарга бекем ден соолук, чексиз бакыт, окууларына ийгиликтерди каалады.

Балдарга кайрылып жатып, Мамлекет башчысы билимдүү адамдар гана өзүнүн өлкөсүн өнүктүрүп, алдыңкылардын катарына чыгара аларын баса белгиледи.

Президент эл аралык конкурстарда, олимпиадаларда, мелдештерде ийгиликтерди жаратып, балдар ата-энелерди, мугалимдерди, жалпы элди кубантып, өлкөнүн атын эл аралык аренада чыгарып жатышканын белгиледи.

«Силерди карап, өлкөбүздүн келечеги кең экенин ишеним менен айта алабыз. Жаңы жыл силерге кубаныч, жакшы досторду тартууласын. Колуңардан иштердин баары келип турсун, ата-энеңерди, мугалимдерди, жакындарыңарды кубантып жүрө бергиле. Биз өз кезегибизде силерге бактылуу балалык жана ийгиликтүү келечек камсыздаш үчүн бардык аракеттерди көрөбүз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды. Өз кезегинде балдар Мамлекет башчысына роботту тартуулашты.

Балдарга жаңы жылдык концерттик, театралдаштырылган программа көрсөтүлдү.

Кыргыз улуттук филармониясында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңы жылдык балатысына бардык облустардан мектеп курагындагы 1100 бала келди.

Алардын ичинде окуунун отличниктери, эл аралык сынактардын, олимпиадалардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.