Бүгүн, 26-декабрда Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгы КСДПнын жетекчилигин суракка чакырды. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка караганда, КСДП төрайымынын милдетин аткаруучу Асель Кодуранова, анын орун басарлары Ирина Карамушкина жана Кундуз Жолдубаева, Саясий кеңештин мүчөсү Мээрбек Мискенбаев бүгүн, 26-декабрда саат 15:00дө суракка келиши керек.
Кайсы иш боюнча жана кандай макамда чакырылышканы тууралуу айтылган жок.