Эмомали Рахмон: Мечит кургандай, мектептердин да санын көбөйтөлү

Окуялар тизмеги 26 Дек 2019 16:51
0 ой-пикир

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон парламентке карата билдирүүсүндө өлкөнүн билим берүү системасын калыптандырып, өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу «Maralfm» сайты жазып чыкты.

«Бир да мамлекет мыкты билим берүү системасы жок өнүгө албайт. Өлкөнүн келечеги – элдин билиминен көз каранды»,- деди тажик президенти.

Эмомали Рахмон башка сабактардын катарында, так илимдер менен мекен таанууну жакшылап окутуу зарыл экенин айтты.

2020-2040-жылдар аралыгындагы 20 жылды өнүгүү жана так илимдер менен мекен таанууну окутуу жылы деп жарыялоону сунуштады.

«Акыркы жылдары өлкөбүздө ашар жолу менен 5 миңден ашык мечит курулду. Бул кимге, улуу муун үчүн. Курулушка эч ким мамлекеттен каражат сурабай эле өздөрү бүтүрүштү. Эми ошентип, баарынын катышуусунда өсүп келаткан муун үчүн мектептерди, медициналык жайларды куралы»,- деп аяктады сөзүн Рахмон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ашар жолу менен, демөөрчүлөрдүн колдоосунда көп мечиттер куруулуда. Акыркы маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы 2965 мечит бар, ал эми мектептердин саны -2262 .

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.