Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү узартылууда

Окуялар тизмеги 26 Дек 2019 15:03
0 ой-пикир

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «»КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-окуудагы мыйзам долбоорун жалпы жыйынга Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев алып чыкты.

Бир катар себептерден жана калктын даяр эместигин эске алуу менен, мыйзам долбоору аркылуу декларациялоонун мөөнөтүн узартуу жана айрым категориядагы жактар үчүн этап-этабы менен киргизүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору менен төмөнкүдөй түзөтүүлөр сунушталууда:

2016-жылдан тартып башталган мезгилге Салык кодексинин 92-беренесинин бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча талаптары муниципалдык кызматчыларга жайылтылат.

“32. 2021-жылдан башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары төмөнкүлөргө жайылтылат:

— илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттери менен байланышпаган башка иштерди жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы органдардын, мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жумушчуларына жана кызматчыларына;

— мамлекеттик органдарда, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар менен мекемелерде, ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катышы бар уюмдарда иштеген жумушчуларга;

эл аралык уюмдардагы ишмердиктен киреше алган, КР жараны болуп саналган, ошондой эле КР жараны болуп саналбаган, бирок КРда жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жактарга;

— салыктык мезгилде эсептик көрсөткүчтүн 3000 эсе өлчөмүнөн жогору суммада менчик укугун же мүлккө болгон башка укугун сатып алууга багытталган бир жолку чыгымдарды тарткан жеке жактарга.

33. 2023-жылдан башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары салыктык мезгилде салык салынуучу кирешелерди алган жеке жактарга жайылтылат.”;

4. Салык кодексинин 92-беренесинин талаптары боюнча 2025-жылдан берки мезгилдеги бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу Салык кодексинин 92-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын бардык категорияларына таркатылат.

“2021-жылдан, 2023-жылдан же 2025-жылдан башталган мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү субъекттер бирдиктүү салык декларациясын көрсөтүлгөн мезгилдер башталганга чейин ыктыярдуу негизде берүүгө укуктуу.”.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.