Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча «Тарых жаратуучу» наамына татыды. Бул тууралуу аталган уюм өзүнүн сайтында кыргызстандык спортчу туурасында видео жарыялады.
Ушул жылдын сентябрь айында Нур-Султан калаасында Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталган. Ал 62 кг чейинки салмакта катышкан.
«Дүйнө чемпиону болуу менен кыялым эле. Азыр менин кыялым орундалды. Бул жеңиш менен өлкөмө жана командама арналат», — деп Тыныбекова билдиргенин аталган уюм жазат.